- Негизги бет /
- Пайдалуу маалымат /
- Кыргыз Республикасынын жарандарынын чет өлкөдөгү эмгек укуктары
Кыргыз Республикасынын жарандарынын чет өлкөдөгү эмгек укуктары
Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борбору жана Кыргыз Республикасындагы Эл аралык Кесиптик Биримдиктер Тилектештиги Америкалык Борборунун өкүлчүлүгү (мындан ары – “Тилектештик”) Кыргыз Республикасынын жарандарын чет өлкөдө эмгек укуктарына арналган жаңы рубрикасынын түзүлгөнү жөнүндө маалымдайт.
“Тилектештик” Борбору миграциялык тенденцияларды изилдеп, Кыргыз Республикасынын жарандары иштеген өлкөлөрдүн эмгек мыйзамдарын комплекстүү түрдө талдап чыккан. Германия Федеративдик Республикасы, Түркия Республикасы, Казахстан Республикасы, Бириккен Араб Эмираттары, Корея Республикасы, Чехия Республикасы жана Польша Республикасы сыяктуу өлкөлөрдүн эмгек мыйзамдары изилденип, сүрөттөлүп берилди. Эмгек мыйзамдары, ишке орношуу мүмкүнчүлүктөрү жана жогоруда көрсөтүлгөн өлкөлөрдөгү эмгек укуктарын коргоо уюмдары тууралуу маалыматты «Чет өлкөдө ишке орношуу» бөлүмүндөгү «Өлкөлөр» бөлүмчөсүнөн же төмөнкү шилтемелер аркылуу таба аласыз:
- Федеративная Республика Германия;
- Турецкая Республика;
- Республика Казахстан;
- Объединенные Арабские Эмираты;
- Республика Корея;
- Чешская Республика;
- Республика Польша.
Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борбору жарандардын барган өлкөнүн миграциялык жана эмгек мыйзамдарын сактоосунун маанилүүлүгүн белгилейт. Эгерде сиз эмгек келишиминдеги милдеттемелердин аткарылбай жатышына же иш берүүчү тарабынан эмгек мыйзамдарынын бузулушуна туш болсоңуз, сураныч, Чет өлкөдө жарандарды ишке орноштуруу борборунун +996 559 18 99 00 номуру боюнча ишеним телефонуна кайрылыңыз.
Мындан тышкары, Чет өлкөдө жарандарды ишке орноштуруу борбору маалымдайт: Кыргыз Республикасынын жарандары жогоруда аталган изилдөө жана эмгек укуктары, эмгекти коргоо мыйзамдары, келишим түзүү, ошондой эле коопсуз миграция маселелери боюнча кошумча маалымат алуу максатында emgek.kg маалымат порталын зыярат кыла алышат.