Сын-пикириңизди калтырыңыз Программа предвыездной подготовки работников, выезжающих для трудоустройства за рубеж Кыргыз Республикасынын жарандарынын чет өлкөдөгү эмгек укуктары БУУнун Бардык эмгекчи-мигранттардын жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнүн укуктарын коргоо жөнүндө конвенциясы тууралуу эмне билесиз? Сезондук жумушчулар схемасы (SWS) боюнча Улуу Британияга кетээр алдында багыт алуунун бир бөлүгү катары видео модулдарды окутуу Борьба с коррупцией и мошенничеством ОЦЕНКА НАИБОЛЕЕ БЛАГОПРИЯТНЫХ СТРАН ДЛЯ ТРУДОУСТРОЙСТВА ГРАЖДАН КЫРГЫЗСКОЙ РЕСПУБЛИКИ ЗА РУБЕЖОМ Ден соолугуңузга кам көрүү – Өз колуңузда! РЕКОМЕНДАЦИИ ВЫЕЗЖАЮЩИМ ЗА ГРАНИЦУ Борьба против торговли людьми Видеоролики о миграции Адам сатуунун курмандыгы болсоңуз, юридикалык жардамды кантип алууга болот Требования к гражданам, желающим работать в Республике Корея EDUVISO программасы ШИЛТЕМЕЛЕР

Ден соолугуңузга кам көрүү – Өз колуңузда!

Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борбору (ЖЧИБ) жана EpiC долбоору Кыргыз Республикасынын жарандары өзүнүн саламаттыгына оңой, тез жана сапаттуу кам көрүү мүмкүнчүлүгү бар болгону жөнүндө маалымдайт!
 
Чет өлкөгө кетер алдында же Мекенибизге  кайтып келгенден кийин АИВ-статусуңузду билип алыңыз, муну менен сиз өзүңүздү жана жакын адамдарыңызды коргойсуз! Бул үчүн epictest.live веб-сайтына кирип, үй шартында вируска текшерилүү үчүн тесттин топтомуна буйрутма берсеңиз болот. Өз алдынча текшерилүү толугу менен купуя жана акысыз.
 
Тесттин жана ага кошо жазылган кошумча маалыматты жашаган жериңизге жараша Бишкек, Ош шаарларындагы, Чүй жана Ош облустарындагы “Неман-Фарм” тармагынын 42 дарыканасынан же Ош шаарындагы таштаматтан (продукцияны автоматтык түрдө берүүчү аппараттан) алсаңыз болот. Таштаматтын дареги: Абсамат Масалиев көчөсү, 1А/1, социалдык Эл АМАН дарыканасы.

Өз алдынча жасалган тесттин жыйынтыгына жараша сиз ошондой эле төмөнкүдөй жардамды да ала аласыз:

  • Тест вирус жок экенин көрсөтсө, байланышка чейинки, вирусту жуктуруп алуудан сактоочу, ооруну алдын алуу чараларын (профилактиканы) колдонуңуз – бул чечимиңиз сизди АИВден коргой алат;
  • Эгерде, тест вирусту жуктуруп алганыңызды көрсөтсө, дарыланууну дароо баштап, дарыланып, психологиялык жактан да колдоону жана жардамды аласыздар.