Корей тилин билүү деңгээлин аныктоо боюнча тестирлөө башталды

04 Апрель 2024
Корей тилин билүү деңгээлин  аныктоо боюнча тестирлөө башталды

Кыргыз Республиксынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борбору EPS борбору менен биргеликте Корея Республикасына жумушка орношуу үчүн корей тилин билүү деңгээлин аныктоо максатында тестирлөө жүргүзүүдө.

 

Бүгүн, 4-апрелде тестирлөөнүн биринчи этабы башталды, ал эки бөлүктөн турат - ар бири 20 суроодон турган угуу жана окуу. Сынактын узактыгы 50 мүнөт (угуу – 20 мүнөт, окуу – 30 мүнөт). Өтүү балы Корея Республикасынын Адам ресурстарын өнүктүрүү кызматы аныктайт.

 

Сыноонун ийгиликтүү аякташы келишим түзүүгө кепилдик бербейт. Тесттен ийгиликтүү өткөн жарандар гана Корея Республикасынын иш издөөчү катары маалымат базасына кирүү үчүн арызды толтурууга укуктуу. Эгерде бул базадан талапкерди иш берүүчү тандап алса,  эмгек келишим сунушталат, бул Кореяга эмгек визасын алуу мүмкүнчүлүгүн ачат.

 

Тесттин биринчи этабынын жыйынтыгы 17-майда сайтка жарыяланат. Экинчи этаптын SKILLS-TEST сынагынын алдын ала датасы 25-26-май.