ТУРУКТУУЛУК ЖАНА ТРИУМФ: КАНЫКЕЙДИН ШЫКТАНДЫРУУЧУ САПАРЫ

30 Октябрь 2023
ТУРУКТУУЛУК ЖАНА ТРИУМФ: КАНЫКЕЙДИН ШЫКТАНДЫРУУЧУ САПАРЫ

КЕСИПТИК ЖОЛДОГУ ТОСКООЛДУКТАР

Каныкей (аты өзгөртүлдү) бала кезинен бери дарыгер болууну кыялданчу. Ал ар дайым дүйнөнү жакшыртуу жана адамдарга жардам бергиси келген. Анын кичинекей кезинен эле мектепке баруу жана окуу үчүн бардык нерсеге ээ болуу эң күчтүү каалоосу болгон. Бирок ал өзү айткандай:

 

"Менин үй-бүлөмдө билим алуу биринчи орунда эмес, мени турмушка чыгууга көбүрөөк даярдашкан. Үйдө туура эмес иш кылсам же окуума ашыкча берилип кетсем, атам мени катуу сабап койчу. Бир гана чоң атам мени ар дайым колдоп жана жашоодогу баардык кыйынчылыктардан коргоп келген".

 

Кыйынчылыктарга, тоскоолдуктарга карабай Каныкей бир күнү мектепти ийгиликтүү аяктап, медициналык окуу жайга тапшырып, окууну аяктагандан кийин элди дарылай алам деп ишене берчү.

A photo in this story           A photo in this story

 

ТУУЛУП-ӨСКӨН АЙЫЛДАН ЧОҢ ШААРГА

Каныкей мектеп формасына, керектүү буюмдарга акча топтоп, үй-бүлөсүнө жардам берүү максатында 15 жашынан баштап өлкөнүн түштүгүндөгү кичинекей шаарда ар кандай жумуштарда эмгектенген. Ал чач тарач да, дүкөндө сатуучу да болуп иштеген. Каныкей 16 жашка чыкканда ата-энеси аны бала багуучу кылып Москвага  жиберишкен. Атасы тапкан акчасын окууга жумшайм деп убада кылган.

Москвада бир жыл бала багуучу болуп иштегенден кийин Каныкей 100 000 рубль (1100 АКШ долларга жакын) чогулган акча менен шаарына кайтып келет, бирок атасы акчанын баарын өз муктаждыгына жумшап салат. Каныкей окуй албай калды.

 

АТА-ЭНЕСИНИН ЧЫККЫНЧЫЛЫГЫ...

Каныкейдин жашоосундагы эң оор жана травмалык учур бул ата-энеси аны 17 жашында күтүүсүздөн күч менен турмушка берүүнү чечкени болду. Ал күйөө баланы эч качан көргөн эмес жана ал андан бир топ улуу болчу. Ал үчүн, күтүлбөгөн жерден аны чоочун адамдар жашаган үйгө мажбурлап алып келишкенде, анын дүйнөсү тескери бурулду.

 

«Өзүңдүн ата-энең сага ошондой мамиле кылганына  моюн сунуу абдан кыйын болду. Андан да азаптуусу, мени сабап, ошол үйдө калууга мажбурлап жаткан учуру болду», - дейт Каныкей.

 

Ал жерден ал милицияга арыз жазган досторунун жардамы менен гана чыга алган. Каныкей чоң ата, чоң энесинин үйүнө баруудан башка аргасы калган эме. Бирок, Каныкейдин мүдөөсүн колдогон жалгыз адам, чоң атасы окуядан бир айдан кийин каза болгон. Чоң энеси үй-бүлөнү шерменде кылдың деп киргизбей койгон.

 

 

A photo in this story

 

ЖАКШЫ АДАМДАР АР ДАЙЫМ ЖАНЫҢДА

Каныкей Бишкектеги кризистик борборлордун бирине түшүп, андан соң Оазис Фондуна жолдомо алып, ал жерде USAIDдин “Борбордук Азиядагы коопсуз миграция” долбоорунун жана Oasis Kyrgyzstan “Бирөөгө кам көрүү – бардыгына кам көрүү” долбоорунун алкагында ар тараптуу колдоо алган. «Оэйсис» командасы Каныкейди окууга кайтып келүүгө гана жардам бербестен, ага психологиялык жактан жардам берип, дайыма колдоо көрсөтүп турат.

 

"Мен кээде аябай капаланып, көңүлүм жок күндөрүм болот. Ушундай көз ирмемдерде мен дайыма жайлуу оазисиме келип Мээрим эже же Жибек еже менен баарлашам. Алар дайыма мага ишеним жана күч-кубат берет. Мен жалгыз эмес экенимди билем. Мен мындан ары келечекке кароодон коркпойм”-дейт Каныкей.

 

A photo in this story

 

 

A photo in this story

 

 

КЕЛЕЧЕККЕ ЖАҢЫ МҮМКҮНЧҮЛҮКТӨР АРКЫЛУУ КАРОО

Каныкей жакында 18 жашка чыкты. Ал профессионалдык бариста курстарын аяктап, жайында шаардагы кофеканалардын биринде ийгиликтүү иштейт. Тапкан акчасына биология, химия боюнча китептерди сатып алат, ошондой эле турак жайды ижарага алууга мүмкүнчүлүк пайда болду. Ошол эле учурда Оэйсис Фонду анын эл аралык университетке тапшыруу үчүн англис тил курсун каржылап келет.

 

«Мен окууну, жаңы адамдар менен таанышканды, тоого барганды жакшы көрөм. Талыкпаган эмгегимдин натыйжасында жакында жумуштан көтөрүлүп, улук бариста болдум. Мен үчүн жаңы жумушум терапия сыяктуу, анткени кофе даярдаганда да адамдарга кубаныч, жарык тартуулаганга аракет кыласың. Бала кезимден эле нейрохирург болууну кыялданчумун. Ошондуктан менин пландарым мектепти ийгиликтүү аяктап, медициналык окуу жайга тапшыруу, дарыгер болуу», - дейт Каныкей.

 

 

A photo in this story

 

 

A photo in this story

 

 

A photo in this story

 

 

ДОЛБООР ЖӨНҮНДӨ

Бул адам сатуунун курмандыктарына түз жардам берүү долбоору Winrock International тарабынан ишке ашырылып жаткан USAIDдин Борбордук Азиядагы коопсуз миграция долбоорунун колдоосу менен ишке ашырылууда. Бул долбоордун алкагында 2022-жылдын март айынан тарта 120 адам сатуунун курмандыктары жардам ала алышкан.

Өзүн же кимдир бирөөнү адам сатуунун курмандыгы деп эсептеген жана тез жардамга муктаж болгон бардык адамдар Оэйсис Кыргызстан Фондуна телефон/WhatsApp/Telegram +996772554508, +996770554503 жана info@oasiskg.org   электрондук даректери аркылуу кайрылса болот.